Ооздон чыккан жаман жыттан кантип арылууга болот? 6 кеңеш

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДрейфующий ледовый лагерь "Барнео" в Арктике
Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаман жытка айрым азык-түлүктөр да себепчи болот. Бул убактылуу галитоз деп аталат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. "Популярная механика" басылмасы ооздон чыккан жаман жыт — галитоздон арылуу боюнча окумуштуулардын кеп-кеңешин жарыялады.

Мындай жытты мурун, тамак, өпкөнүн инфекциялык оорулары, тамак сиңирүүнүн бузулушу жана боордун илдеттери шартташы мүмкүн. Бирок туруктуу галитоздун башкы себеби болуп гингивит жана периодонтитти пайда кылуучу бактериялар жараткан күкүрттүн кошулмасы болуп саналат.

Мындан тышкары, чеснок, пияз, брокколи азыктары, апельсин ширеси, газдалбаган суусундуктар менен спирт ичимдиктери ашказан оорусу бар адам ичкенде да жаман жыт чыгарат. Бул 72 саатка созулган убактылуу галитоз экени айтылат.

Ооздон чыккан жаман жыттан кантип арылууга болот?

Тиш щетканы бат-баттан алмаштыруу жана оозду байма-бай тазалап туруу керек. Буга тиш жибин же атайын каражаттарды пайдалануу зарыл. Тиш жууп жатканда щетка менен тилди да тазалай кетүүнү унутпаңыз, бактериялар дал ушул тилде көбөйөт.

Погода в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Көп уктаган киши жалкоо эмес! Уйкунун ашыкча салмак менен күрөшүүдөгү орду
Тамеки тартпаңыз. Чылым шилекей бөлүп чыгарууну басаңдатып, ооздун ичин кургатат. Бул жаман жытты шарттай турчу бактерияларга майдай эле жагат.

Чеснок, пияз, атайын татымалдар менен кофеден оолак болуңуз. Алма, сабиз, алмурут, дарбыз, киви жана сельдерейди көбүрөөк жеген туура.

Тамакка кошулган петрушка, розмарин, базилик, жалбыз сыяктуу чөп-чар чеснок менен пияздын жытын кетирет. Мында лимон да жаман жыттын чыгышына себепкер экенин унутпаңыз.

Йогурт жана сүт азыктары ооздун ичиндеги күкүрт водородунун деңгээлин азайтат. Сыр жеңиз, андагы майлар тамактын кычкылын төмөндөтүп, рН-балансын калыбына келтирет. Жытты имбирь дагы кетире алат.

Адистер сууну көп ичүү керектигин айтышты. Бул абдан маанилүү, анткени галитоз көп учурда ооз көңдөйүнүн кургап кетишинен пайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0