Бишкекте Тез жардамдын айдоочулары айыпка жыгылууда. Милиция эмне дейт?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун башкы дарыгери айдоочуларга айып салына турган болсо, алар иш ташташы мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкектеги Тез жардам кызматынын айдоочусуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун башкы дарыгери Егор Борисов билдирди.

Эреже бузулганын "Коопсуз шаардын" камералары каттаган. Жалпы төрт токтом келген. Борисовдун айтымында, ал ЖКККББ өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, даттанууга аракет кылган. Натыйжада эки токтом жокко чыгарылып, дагы экөө боюнча Тез жардам кызматы башкармалыкка кат жолдойт.

Борисов билдиргендей, айдоочу эреже бузууга аргасыз болгон кезде сиренасын күйгүзүшү керек. Эгер андай болбосо, айып салынат.

"ЖКККББ мыйзам чегинде иштеп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок сирена дайыма иштей берсе бузулуп калышы мүмкүн. Бул биз үчүн көйгөй жаратат. Себеби айыпты төлөө милдети айдоочуга жүктөлөт. Анын айынан Тез жардам кызматы айдоочусу жок калышы мүмкүн. Мындан ары кандай иштөө керектиги түшүнүксүз болуп турат", — деди Борисов.

ЖКККББнын жообу

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова Тез жардам кызматы унааларды сирена менен камсыздашы керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

На видео сняли, как по домам разносят письма счастья в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып каттар келе баштады. Видео
Анын айтымында, жол эрежеси боюнча оперативдүү жана атайын кызматтардын унааларынын сиренасы күйгөн учурда аларга артыкчылык берилет.

"Алардын шашып жатканын башка айдоочулар сиренасыз кантип түшүнмөк эле? Эгер ЖКККББ же Тез жардам унаалары чакырууга бара жатса, сиренасын иштетет. Эгер алар артка шашпай кайтып келе жаткан болсо, эреже бузууга жол берилбеши керек да. Эрежеде бул нормалар көрсөтүлгөн", — деди Баратова.

Ал ошондой эле Тез жардамдын кызматкерлери алар чакырууга баратканын далилдеген материалдарды көрсөтүп даттана аларын, токтомду атайын комиссия жокко чыгарарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0