Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыгарган жол боюнча бир чечимге келди

© Фото / пресс-служба МВД КРСитуация на кыргызско-таджикском участке границы
Ситуация на кыргызско-таджикском участке границы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол койду.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Документке Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол койгон.

"Протоколго ылайык, Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде иштей баштайт. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков протоколго кол коюуда эки өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынмай болгонун билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

Ситуация на кыргызско-таджикской госгранице - Sputnik Кыргызстан
Акыркы эки күндө кыргыз-тажик чек арасында абал тынч болду
Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстан тарап жарандарынын каза болгондугун айтканын билдирген.

Эки тарапты кепке келтирип, абалды жакшыртуу боюнча президенттер менен премьер-министрлер сүйлөшкөн.

15-мартта абал турукташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0