Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 5 күндөн кийин ачылды

© Фото / пресс-служба МВД КРКыргызстан менен Тажикстандын чек арасы
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арада чыккан жаңжалга жолдун курулушу себеп болгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек арада чуунун жаралышына себеп болгон жолду ачты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

18-мартта эки тараптын кезектеги жолугушуусу аяктады. Анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстан бардык көйгөйлүү маселелер боюнча бирдей позицияда экени жана аны чечүүгө даяр турушканы анык болду.

Ошондой эле чек арадагы такталбаган аймактарды эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери биргеликте кайтармай болду.

Строительство дороги в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Чек арада талашка түшкөн жолдун чоо-жайын Транспорт министрлиги айтып берди
Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнөн кийин чек арадагы эки айылга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен аксакалдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анын натыйжасында тараптар жолду ачты.

Учурда Баткен — Лейлек (Кыргызстан) жана Исфара — Ворух (Таджикистан) трассасындагы кыймыл жанданды. Чек арадагы абал туруктуу.

Эске салсак, Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынан жашоочуларынын арасындагы чатак 13-мартта чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Каршылашуунун себеби Кыргызстан тараптан Ак-Сай — Тамдык айланма жолунун курулушу болгондугу айтылган. Вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстан тарап жарандарынын каза болгондугун айтканын билдирген.

Эки тарапты кепке келтирип, абалды жакшыртуу боюнча президенттер менен премьер-министрлер сүйлөшкөн.

15-мартта абал турукташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0