Кыргызстандагы жапайы жаныбарлар кыштан кийин алты облуста эсеп-чотко алынды

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар кыштан кийинки эсеп-чотко алынды. Сүрөттөр

294
(жаңыланган 11:28 19.03.2019)
Адистер тоо-ташты байырлаган жапайы жаныбарлардын 20дан ашуун түрүн катташкан.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы жапайы жаныбарлар кыштан кийин алты облуста эсеп-чотко алынды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

  • В Кыргызстане завершился зимний учет диких животных
    Кыргызстандагы жапайы жаныбарлар кыштан кийин алты облуста эсеп-чотко алынды
    © Фото / ГАООС и ЛХ
  • В Кыргызстане завершился зимний учет диких животных
    Бул жаатта жакында эле Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарында, андан сырткары, Нарын менен Ысык-Көл дубандарынын ички аймактарында атайын топ иштеп келди
    © Фото / ГАООС и ЛХ
  • В Кыргызстане завершился зимний учет диких животных
    Жаныбарларды каттоого аталган агенттиктен сырткары Илимдер академиясынын кызматкерлери жана токойчулар катышты
    © Фото / ГАООС и ЛХ
  • В Кыргызстане завершился зимний учет диких животных
    Учурда Кыргызстанда аңчылык кыла турган 50дөн ашык жер бар.
    © Фото / ГАООС и ЛХ
1 / 4
© Фото / ГАООС и ЛХ
Кыргызстандагы жапайы жаныбарлар кыштан кийин алты облуста эсеп-чотко алынды

Бул жаатта жакында эле Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарында, андан сырткары, Нарын менен Ысык-Көл дубандарынын ички аймактарында атайын топ иштеп келди.

Жаныбарларды каттоого аталган агенттиктен сырткары Илимдер академиясынын кызматкерлери жана токойчулар катышты.

Адистер Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагынан атайын техниканын жардамы менен илбирс, аюу, марал, аркар, тоо теке, элик, сүлөөсүн, мадыл, каман, коен, суур, арс чычкан, түлкү, карышкыр, улар, кыргоол, чил, чөө сындуу жаныбарлардын жашарын каттаган. Ал эми Баткен облусунда жогоруда саналган жаныбарлардан сырткары 20 баш Северцов аркарларын көрүшкөн.

Учурда Кыргызстанда аңчылык кыла турган 50дөн ашык жер бар. Алардын үчөө мамлекеттин менчиги болсо, 38и менчик жана 9у коомдук деп эсептелинет. Бул жерлердин аймагы 14,77 миллион гектарды түзөт.

Эми май айынан сентябрга чейин жапайы жаныбарларды каттоонун жайкы мезгили башталат. Анын жыйынтыгы менен алынган материалдар каралып чыгып, аңчылык кыла турган аймактарга аңчылардын колдонуусу үчүн берилет.

294
Белгилер:
каттоо, жапайы жаныбарлар, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогул районундагы жаныбарларга эми камералар көз салат