Ноорузга карата "Ала-Тоо" аянтында өтө турган иш-чаралардын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамык концерти. Архив
Нооруз майрамык концерти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамга чогулган элди Жогорку Кеңештин төрагасы менен мэр куттуктайт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы майрамдык иш-чараларды уюштурат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Ошто Ноорузга карата көк бөрү мелдештери өтөт
21-мартта саат 10:00дө КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте Маданият министрлигинин алдында кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурат. Андан сырткары, этникалык коомдук бирикмелердин чыгармачыл жамааты чакан концерт уюштурат. Ага Кыргызстандагы башка мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү да катышат.

Саат 11:30дан 13:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болот. Чогулган элди майрамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен Бишкек мэри Азиз Суракматов куттуктайт.

Борбор калаанын төрт районунда дагы майрамдык иш-чаралар өтүп, спорттук мелдештер менен коштолот. Программасын мэриянын сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0