Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүүКинорежиссер Болот Шамшиев и актриса Сабира Кумушалиева
Кинорежиссер Болот Шамшиев и актриса Сабира Кумушалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү сахна жана кино чебери, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз Республикасынын баатыры Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү.

Залкар инсандын чыгармачылыгында жараткан образдарын, адамдык өзгөчө асыл сапаттарын эскерип, Sputnik Кыргызстан кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Театрга кадам таштаган мугалим. Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта азыркы Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз мектепти аяктаган соң педагогикалык институттун даярдоо курсунан өтүп, борбор калаадагы башталгыч класстын окуучуларына сабак берип иштеп калат. 1934-жылы сентябрда окуу башталып Абдылас Малдыбаев ал жакка концерт коюп келип, жаш кызды театрга чакырган. Ал 16 жашында Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына келип, Касымалы Жантөшевдин "Карачач" драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Күмүшалиева эч бир жерден актёрдук кесип боюнча окуган эмес. Ал бир күндө эле калыстардын сынынан өтүп театр босогосун аттап, өмүрүн сахнага арнаган.

© Фото / Александр ФедоровСабира Күмүшалиева мектепте балдарга сабак берип жүрүп, театр дүйнөсүнө капысынан аралашып кеткен
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Сабира Күмүшалиева мектепте балдарга сабак берип жүрүп, театр дүйнөсүнө капысынан аралашып кеткен

Элүү жашында 14 жашар баланын ролун аткарган. Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү, оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атынын тагдырындагы" Оңолкандын ролун аткарган. Кызыгы, ал 50 жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповду ойногон.

Кош жылдыз. Кыргыз искусствосунун өчпөс жылдызы Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева 1951-жылы баш кошкон. Экөө тең театрда иштеп, бири-бирине жөлөк болгон түгөйлөр эле. 

© Фото / Александр ФедоровАктриса 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, өмүрүн чыгармачылыкка арнаган
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Актриса 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенип, өмүрүн чыгармачылыкка арнаган

Күмүшалиева жана кинематография. Кыргыз Республикасынын эл баатыры биринчи жолу 40 жашында "Муз жүрөк жөнүндө баян" тасмасына тартылат. Ошентип кинодо да жылдызы жанган актриса "Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Кызыл алма", "Эрте келген турналар", "Адамдар арасында" өңдүү 30дан ашык тасмага катышып, өлбөс-өчпөс эмгектерди жаратты.

Көз жашын көргөзбөй... Сабира Күмүшалиева эл алдында эч качан көз жашын төккөн эмес, буга балдарын да үйрөткөн. Актриса балдарын "адам көз жашын төгүп башка адамдын маанайын түшүрүп, кайгыртпашы керек" деп тарбиялаган. Ал жашоосунда күчтүү, токтоо болуп, эмоцияга алдырбаганга далалаттанчу. Кызы Нуржамалдын эскерүүсү боюнча жада калса кийин эки уулу каза болуп калганда да элдин көзүнчө ыйлабаганга аракет кылган. 

© Фото / Александр ФедоровМуратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева төрт баланы тарбиялап өстүргөн
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева төрт баланы тарбиялап өстүргөн

Кыргыздын "Умай Энеси". "Сабира апа, сиз кыргыздардын Умай Энесисиз. Ошондуктан сизден абдан суранам, жүзгө чыгыңыз, юбилейиңизди өткөрөлү", —деп президент Аскар Акаев куттуктоо жазган. Ошондон баштап эл ичинде Умай Эне аталып калган. Актриса аталган ысымды 1990-жылы тастыктаган. Ошто кыргыз-өзбек коогалаңы башталганда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Ошко барабыз деп чогулган миңдеген жаштарды бийликтин суранычы менен барып токтотуп калган.

Балдардын көзүнчө урушпаган ата-энелер. Сабира Күмүшалиева менен Муратбек Рыкулов 38 жыл чогуу өмүр кечирип, эки уул, эки кызды өстүргөн. Жубайлар балдардын көзүнчө такыр урушчу эмес. Эгер кандайдыр бир тил табыша албай калган жагдай пайда болгондо балдарына көргөзбөөгө аракет кылышчу. Муну кийин балдары Муратбек Рыскуловдун айдоочусунан билген. Көрсө, жубайлар автоунааны шаардын четине айдатып барып урушуп, эч нерсе болбогондой кайра үйүнө кирип келишчү экен. 

© Фото / Александр ФедоровСабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасындагы кичинекей Нургазы менен
Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасындагы кичинекей Нургазы менен

Таланттуу инсандын жолдошу Муратбек Рыскулов жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0