Өзгөчө номерлүү кыргыз сому өз номиналынан 300 эсе кымбат сатылууда

Жазылуу
Кеп 10 сомдук тууралуу болуп жатат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Numiland интернет-аукционунда 10 сомдук купюра сатыкка коюлду.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эски бир сомдук 2800 эсеге кымбат сатылууда
Баштапкы баасы — 2 900 рубль (3 132 сом) же өз номиналынан 313 эсе көп. Анын мынчалык баалуу болушуна  0000000 (серия BH) өзгөчө номери себеп болууда.

Анткен менен ачык булактарда мындай номерлүү купюралар жүгүртүүгө салынбай, үлгү катары гана колдонулаары айтылууда.

Бирок аукционго коюлган акчада "Үлгү" деген жазуусу жок. Улуттук банк маалыматты тактагандан кийин бул купюра Кыргызстанда расмий түрдө төлөм кылууга жарар-жарабасын айтууну убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0