Кыргыз-казак чек арасында 100гө чукул фура Казакстанга кире албай кезекте турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГраница между Киргизией и Казахстаном
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай көрүнүш 19-мартта 20.00дөн тарта башталды.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаалар узун кезекке туруп калды. Бул тууралуу КРдин Чек ара кызматынан кабарланды.

Билдирмеге караганда, мындай көрүнүш 19-мартта 20.00дөн тарта башталды.

"Казакстандын чек арачылары тарабынан унааларды текшерүү мөөнөтү узартылгандыктан, кезек күткөндөр көбөйүп кетти. Бүгүн, 20-мартта, саат 9.00дө өтө албай турган фуралардын саны 90го жетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле казак тарап саатына 4-5 унааны текшерип жатканы кошумчаланды.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок.

Ал эми Кыргызстандын чек арачылары коңшуларды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0