Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси Сазаев узак оорудан улам дүйнө салды

Жазылуу
Актер Сатылган Сазаев боор циррозу менен ооруп жүргөн.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев каза тапты. Бул туурасында ал эмгектенген Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба театра кукол им. М.ЖангазиеваКРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев
Куурчак театрынын мурдагы жетекчиси Сазаев узак оорудан улам дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев

Маалыматка ылайык, Сазаев бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумду. Ал көп убакыттан бери боор циррозу менен жабыркап жүргөн.

Сатылган Сазаев 57 жашта эле. Кезинде Муса Жангазиев атындагы куурчак театрын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0