Ымыркай. Архив

Бала сатты делген гинекологдор: ымыркайлар жашап жатат деген 6 бүлө текшерилди

441
(жаңыланган 19:06 20.03.2019)
Балдар ушу тапта Бишкек, Балыкчы жана Сокулукта жашаган үй-бүлөлөрдө.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Балдардын сатылышы боюнча козголгон иштин алкагында ымыркайлар жашап жатат делген алты үй-бүлө текшерилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлзина Бообекова сотто айтты.

Процесс Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өттү. Айыпталып жаткан жети дарыгердин үчөө үй камагында.

Белгилей кетсек, былтыр 7-сентябрда Бишкекте бала сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого шектелип бир нече гинеколог кармалган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин булагынын айтымында, дарыгерлер №1 жана №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана №4 төрөт үйүндө иштегендер болуп чыккан.

Фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 116 ("Мыйзамсыз аборт жасоо"), 124 ("Адам сатуу") жана 350-беренелери ("Документ жасалмалоо") боюнча иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө бала сатууга чет элдик жарандардын тиешеси жок экени аныкталган. Сатып алгандардын баары - Кыргызстанда төрөлүп Россия жарандыгын алгандар. Акыркы отурумда документ жасалмалаган деп айыпталып жаткан эки медик күнөөсүн мойнуна алган.

"Ички иштер министрлиги бул иш боюнча ымыркайлар мыйзамсыз жашап келген алты үй-бүлөнү текшерүү тапшырмасын берген. Алар Балыкчыда, Бишкекте жана Сокулукта жашай турганы белгилүү болду. Бул адамдардын баарынын тең балага документи, башкача айтканда, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же камкордукка алганы жөнүндө документи болгон эмес. Укук коргоо органдары бул балдар сатылганын болжолдошкон", — деди Бообекова.

Министрликтин өкүлү анын милдетине балдардын жашоо шартын текшерүү гана кирерин белгиледи. Натыйжада ымыркайлардын шарты жакшы экени айтылып, ошол үй-бүлөлөрдө калтыруу чечими кабыл алынган. Бообекованын айтымында, балдарды багып жаткандардын айрымы ымыркайларды сатып алганын, кээси эшигинин алдына таштап кеткенин айткан. Эми ал бүлөлөрдүн баары соттун чечими менен багып алууну документтештириши керек.

441
Белгилер:
үй-бүлө, документ, сатуу, бала, гинеколог
Тема боюнча
Жаңы төрөлгөн ымыркайды каналга ыргытып жиберген дарыгер. Гинекологдордун соту
Бала сатты деген гинекологдор. Экөө документти жасалмалаганын моюндады
Медиктер бейтапты ташууда. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

32
(жаңыланган 11:39 15.08.2020)
Илдетке кабылып, абалы оорлошкондордун басымдуу бөлүгү дарыланган "Семетей" обсервациясы кечээ жабылды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, жугуштуу оорудан көз жумгандар Ош шаары менен Нарын облусунда катталган.

Жалпысынан коронавирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 493кө жетти.

32
Белгилер:
стационар, өлүм, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бүгүн COVID-19га кабылган 272 адам аныкталды
Кечээтен бери өлкөдө коронавирустан 329 адам сакайды
Коронавируска экспресс-тест өткөзүү. Архивдик сүрөт

Бүгүн COVID-19га кабылган 272 адам аныкталды

58
(жаңыланган 11:41 15.08.2020)
Өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканына карабай вирусту жаңыдан жуктуруп алгандар болууда.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында дагы 272 киши, анын ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек - 47;
  • Ош – 43;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу - 28;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 65;
  • Жалал-Абад облусу – 34;
  • Баткен облусу - 13.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 41 645ке жетти.

58
Белгилер:
бейтап, айыгуу, жуктуруу, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кечээтен бери өлкөдө коронавирустан 329 адам сакайды