Токаевдин атасынын Фрунзедеги трагедиялуу турмушу. Китептеги баяндан

© Sputnik / Владислав ВодневКазакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев
Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токаевдин чоң энеси менен атасынын карындашы Фрунзеде трагедиялуу каза болгон.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Слово об отце" китебинде ("Ата тууралуу толгонуу") жазылганына караганда, атасы Кемел Токаевдин Фрунзедеги (азыркы Бишкек) турмушу өтө трагедиялуу болгон.

© Sputnik / Владислав ВодневКазакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Слово об отце" китеби
Токаевдин атасынын Фрунзедеги трагедиялуу турмушу. Китептеги баяндан - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Слово об отце" китеби

Эске салсак, буга чейин белгилүү жазуучу, журналист жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кемел Токаев Фрунзе шаарында чоңойгону аныкталган.

Китепте жазылганына караганда, Кемел Токаев 1923-жылы Алматы облусунун Калпе айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган, анын Касым аттуу агасы жана карындашы болгон. Өткөн кылымдын 30-жылдары күч алган коллективдештирүү, анын аркасы менен келген ачарчылык алардын үй-бүлөсүн дагы кыйгап өткөн эмес.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астананын Нурсултан болуп өзгөрүшүн Назарбаев кандай кабыл алган
Токаевдер ачарчылыктан качып убактылуу Фрунзе шаарына көчүп келип, алгач бардар үй-бүлөнүн кызматын кылып жашап калышкан. Бир канча убакыт өткөн соң балдардын апасы шал оорусуна кабылат.

Ошондой күндөрдүн биринде атасы Тока уулдары Касым менен Кемелди алып жумуш издеп чыкканда, үйдө калган үч жашар кызы очокко кулап, кыймылдай албаган апасынын көзүнчө чарчап калат.

Тока үйүндө жамандык болгонун сезгенсип кайтып келсе, күйгөн кызы менен күйүтүнө чыдабаган аялы өлүп калган болот. Ал эми атасынын артынан келе жаткан Касым менен Кемелди милиция кармап алып, жетимдер деген ойдо балдар үйүнө жеткирип салат. Экөө ата-энеси бар экенин айтып жалбарганын эч ким укпайт.

Канча убакыт өткөнү белгисиз, айтор, балдар сүйлөшүп алып, улуусу балдар үйүнөн качып чыгат. Жашаган жерин таап барса, андагылар окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Көрсө кызы менен аялын жоготуп, кийин балдарын таппай калган атасы дагы дайынсыз жоголуп кеткен экен.

Касым түнү менен балдар үйүнө кайтып келип, жакындарынан эч кимиси калбаганын инисине айтат. Ошентип бир туугандар бири-бирин колдоп, кубаттап, балдар үйүндө үлгүлүү болуп чоңоюшат. Кийин Шымкент коргошун заводунун алдындагы интернетта билим алышат.

Касым Токаев Советтик Армиянын катарына Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин чакырылып, 1942-жылы 22-февралда майданда курман болгон.

Агезде тагдыр Кемелди кайрадан балалыгы өткөн Кыргызстанга алып келет. Жаш жигит Фрунзеде жөө аскерлер училищесинде окуп жүрүп, 18 жашында согушка чакырылган.

Свадебная церемония Алии Назарбаевой и Айдара Акаева в Чолпон- Ате - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин Фрунзедеги жаштыгы жана Ысык-Көлдөгү резиденциясы
Бир туугандардын акыркы жолу көрүшкөнүн президент өз китебинде жан дүйнөнү аңтарып кетчүдөй сүрөттөгөн. Мындан улам Кемелдин ата ордуна ата болгон агасына канчалык жакын экенин түшүнүүгө болот.

Демек президентке эмнеге кош ысым берилгени айтпасак деле түшүнүктүү.

Кемел Токаев согуштагы жолун "Сталинград салгылашынан" баштап, Польшага чейин жеткен. Андагы эрдиктери үчүн көптөгөн төш белгилер менен сыйланган.

Согуштан кийин ал журналист болууну чечип, 1945-жылы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетине окууга өтөт.

Анын "Келечек тууралуу ой", "Учкун", "Табышмактуу из", "Акыркы сокку", "Жоокер согушка кетти" аттуу чыгармалары эл оозуна алынган.

Жазуучу 1986-жылы 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-мартта, Казакстанды 30 жылдай жашкарган президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0