Сахнага чыгып алып ырчыны өпкүлөбө!.. Концерт көрүү маданияты боюнча 10 кеңеш

Жазылуу
Кино, концерт, спектакль сыяктуу маданий иш-чараларга барып калганда кээде кыжырды келтирген учурлар болот.

Мисалы, көрүүчүлөрдүн бири кытыратып попкорн жесе, экинчиси кечиккени аз келгенсип, ордун тапкыча караңгыга көзү каныгып калган адамдардын бетине чөнтөк телефондун жарыгын берип айласын кетирет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жанга азык алчу жайларга барганда өзүн туура алып жүрүүнүн эрежелерин айтып берүүнү туура көрдү. Бизге Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын концерт бөлүмүнүн адистери жардам берди.

Сураныч, кечикпей келиңиз

Билетте "концерттин башталышы 18.30да" деп так, даана, түшүнүктүү жазылып турса дагы саат жетиден өткөндөн кийин барганды жакшы көргөндөр бар. Мындай болбойт, туугандар. Кечигип, концерт көрүп жаткан элге тоскоол болуу сизге ыңгайсыздык жаратпаса дагы башкалардын кыжырын келтирет. Өзгөнү сыйлай билели.

Гардероб

Сырткы кийимди гардеробго таштап кирүү керек. Гардеробдун жанында кезек күтүп, кысылышка кабылбайм десеңиз, бир аз эртерээк келиңиз. Өзүңүзгө эле жеңил болот.

Сиздин орунга башка бирөө отуруп алса

Ресторан института Bocuse в Экюли - Sputnik Кыргызстан
Жулунба, ачка калбайсың! Чет жерге чыкканда тамактануу маданияты боюнча 7 кеңеш
Шарт боюнча ар бир адам билетте көрсөтүлгөн орунга отурушу зарыл. Сиз адашып же атайылап башка орундукка отуруп алган болсоңуз, билети бар адам келгенде бошотуп берүүгө милдеттүүсүз. Эгер кандайдыр бир жаңылыштык болуп, экөөңөрдүн тең билетиңер бир орунга чыгып калса, өз ара талашып-тартышуунун кереги жок. Андан көрө залга көзөмөл кылып турган кызматкерге кайрылсаңар, маселе оңой жана тез чечилет.

Далыңды салба

Катарларды аралап өтүп бара жатканда отургандарга артыңызды салбай, бет маңдай карап өтүңүз. Ошол эле учурда кечирим сурап койсоңуз ашыкча болбойт. Анткени алар сизди өтүп кетсин деп колу-бутун жыйрып ыңгай түзүп берсе, сиз бутун тебелеп алсаңыз туура эмес.

Залга тамак алып кирбеңиз

Концерт, кино, спектакль сыяктуу маданий иш-чарага тамак-аш алып кирбей эле койгон туура, өзгөчө чайнаганда кырт-курт этип үнү угулган тез татымдардан алыс болгонуңуз дурус. Эл мында музыкага кулак кандырып, эстетикалык ырахат алуу үчүн келет.

Кыйкырбаңыз

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ноорузду Кыргызстанда кантип майрамдашууда. Учурда эмне болуп жатат
Сүйүктүү музыка жаңырып, жан дүйнө балкып турганда адамда ар кандай эмоция болушу мүмкүн. Кыйкырат, алакан чабат, коштоп ырдайт, бийлейт дегендей... Бирок залда жалгыз эмес экениңизди унутпаңыз. Бардык нерсе ченеми менен болгону жакшы. Идеалында концерт көрүп жаткан адам кол чаап, кез-кезде артистти "Баракелде!", "Азаматсың!" деп кубаттап турганы жетиштүү.

Антракт

Антракт негизинен колу-бутту керип, суу ууртап же дааратканага барып келүү үчүн берилген убакыт. Сыртта көпкө кармалбай, залдан кайрадан орун алып, сүйүктүү ырчыңызды күтүңүз.

Эмчектеги баланы алып келбеңиз

Баланы маданий баалуулуктар менен кичинесинен тааныштырган жакшы. Бул жан дүйнөгө азык болуп, наристенин ой жүгүртүүсүн кеңейтет. Бирок кой-айды түшүнө элек, жети жашка чейинки балдарды концертке алып келбей эле койгон туура. Биринчиден, бөбөк бул куракка чейин көп нерсени түшүнө бербейт. Кымгуут элдин арасынан чарчайт, ыйлайт. Ата-эне концерт көргөндүн ордуна кыйналып-кысталат. Айланадагылар тууралуу айтпасак дагы түшүнүктүү.

Гүл берүү

Народные гуляния Кадыр тун в Оше в преддверии Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Облус башчысы, мэр жана министр сүмөлөк кайнатты. Оштогу кадыр түндүн сүрөттөрү
Ырчы-чоорчуларга гүлдесте сунуунун да өз маданияты бар. Мисалы, көрүүчүнүн сахнага чыгып, ырдап-бийлеп жаткан артистке гүл карматып, бетинен өөп, кучактаганы туура эмес. Бул ырчы үчүн ыңгайсыз. Андан көрө гүлдү көтөрүп алып сахнанын алдына барып туруңуз. Ырчы кааласа, ырдап жаткан учурда алат. Болбосо бүткөнгө чейин күтөсүз, өнөр адамдары эч качан күйөрмандын көңүлүн сындырып, гүлдү албай кетпейт.

Концертти аягына чейин көрүңүз

Айрымдарда акыркы ырлар ырдала баштаганда эле залдан чубап чыгып кетмей адат бар. Чакырган коногуңуз жакшынакай отуруп, аягында бата кылбай эле жалпы туруп чыгып кеткенин элестетип көрсөңүз? Кандай абалда болот элеңиз? Сиз концертине келген ырчы дагы ошондой абалда калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0