Бишкекте ишсиз жүргөндөр 10 кесипти акысыз үйрөнөт. Тизмеси жана жол-жобосу

© AP Photo / Alik KepliczОфициант. Архив
Официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын тургундары 10 кесипке акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анүчүн жарандар жумушсуз болуп, калаада жашаганы тууралуу каттоосу болушу шарт.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары жаңы адистиктерди акысыз үйрөнө алышат. Бул туурасында мэриянын Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эң көп айлык төлөнгөн жумуштар. Рейтинг
Жумушсуз жүргөндөрдү кесипке үйрөтүү Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы "Технолог" тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын окуу-практикалык борборунда өтөт. Аталган окуу жай менен Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы келишим түзгөн.

Окуу борборунда жумушсуздар жана студенттер үчүн эл аралык стандарт боюнча кыска мөөнөттүү курстар ачылат.

Ал жайда этти кайра иштетүү, сүт, жашылча-жемиштерди, нан, макарон, кондитер чыгаруучу төрт цех болот. Анын химиялык, микробиологиялык жана сенсордук үч лабораториясы, эки аудиториясы, китепкана жана дүкөнү бар.

Окуулар төмөнкү багыттар боюнча өтөт:

  • Администратор;
  • Бармен;
  • Бармен-барист;
  • Флейрингист;
  • Официант;
  • Лаборант-микробиолог;
  • Лаборант-химик;
  • Ашпозчу-универсал;
  • Ашпозчу-карвинг;
  • Наабайчы;
  • Кондитер;
  • Этти даярдоо;
  • Фарш даярдоочу;
  • Сыр даярдоочу.

Аталган кесиптерге даярдоо акысыз экени айтылды. Курска катышкандарга стипендия берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0