Ак-Кула ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен.

Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт

450
(жаңыланган 20:16 21.03.2019)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурманы көрүүчүлөр отуруучу жердин таштандыга толгон сүрөтүн редакцияга жиберген.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. "Ак-Кула" ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирди.

  • "Ак-Кула" ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Спорттук иш-чара бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата уюштурулган.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Финалдык оюн аяктап, көрүүчүлөр ат майдандан кеткенден кийин ал жакта бош пластикалык бөтөлкө, желим баштык жана тамак-аштын кагаздары калгандыгын көрүүгө болот.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 3
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
"Ак-Кула" ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен.

Спорттук иш-чара бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата уюштурулган. Финалдык оюн аяктап, көрүүчүлөр ат майдандан кеткенден кийин ал жакта бош пластикалык бөтөлкө, желим баштык жана тамак-аштын кагаздары калгандыгын көрүүгө болот. 

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
"Ак-Кула" ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен.

"Тазалык өзүбүздөн башталат. Келгендер, ооба, майрамдашты, бирок өз ордун тазалап кетсе болот го. Анан кичине уялуу керек да. Япониялык күйөрмандардын деңгээлине жетүү үчүн дагы далай бар экен", — деп нааразычылыгын жазган окурман.

Өткөн жылы япониялык күйөрмандар Россиядагы футбол боюнча чемпионаттын алкагында өткөн беттештен кийин стадионду жыйнап кетип, көпчүлүктү таң калтырган. Алардын видеосу дүйнө жүзүнө тез эле тарап, көпчүлүк адамдар япондордун маданияттуулугуна таң калышкан.

450
Белгилер:
таштанды, Сүрөт, мелдеш, Көк бөрү, Кыргызстан
Тема боюнча
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
"Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымак. "Ынтымактын" "Достукту" жеңген видеосу
Паломники молятся в Мекке, соблюдая социальную дистанцию.

Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылыкка уруксат берген жок

2
Ноябрдын башынан тарта умрага 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сауд Аравия Кыргызстанга кичи ажылык кылууга уруксат берген жок. Билдирүүнү муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев тастыктады.

Анын айтымында, ноябрдын башынан баштап кичи ажылык жасоого 108 өлкөнүн жарандарына уруксат берилген. Булардын катарына Кыргызстан азырынча кирген эмес.

"Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги сентябрь айында расмий билдирүү тараткан. Анда кичи ажылык эпидкырдаалга жараша үч этап менен жүргүзүлөт деп жазылган. 1-2-этапта Сауд Аравиянын жарандары үчүн гана өткөрүлмөк. Ал эми 3-этапта ноябрдан баштап чет элдик жарандар бармак. Министрлик коронавирус боюнча ар бир мамлекеттин эпидемиологиялык кырдаалын эске алып, аларды түстөргө бөлүп чыккан. Кичи ажылыкка уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси жашыл түскө киргизилсе, азырынча уруксат берилбей турган мамлекеттер сары түскө, такыр эле барганга болбой турган өлкөлөр кызыл түс болуп көрсөтүлөт. Кыргызстанда азыр эпидкырдаал туруктуу болбой жаткандыктан сары түскө кирген", — деди Атабаев.

Кичи ажылыкка уруксат берилген 108 мамлекеттин ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай сыяктуу мамлекеттер бар. Ал эми сары түстөгү тизмеге Кыргызстан, Иран, Италия, Египет сыяктуу мамлекеттер кирген.

Коронавирус кыйсыпыры жана кыргыздар. Абалды ашкерелеген үч нерсе

Атабаев бул убактылуу чечим экенин айтып, өлкөдө ооругандар азайып, кырдаал турукташса Сауд Аравия Кыргызстанды жашыл түстөгү тизмеге киргизет деп ишене турганын кошумчалады.

2
Белгилер:
тизме, уруксат, Ажылык, Кыргызстан, Сауд Аравиясы

Ту-154түн Россияда элди акыркы ирет ташыган видеосу. КРдеги №1 борт да ушундай

11
(жаңыланган 15:05 28.10.2020)
Россиядагы жарандык авиацияда жалгыз, бирден-бир пайданылып келе жаткан Ту-154 аба кемеси акыркы ирет жүргүнчүлөрдү ташып, андан соң сапарын карытты.

Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Эске салсак, Кыргызстандын жетекчилиги да Ту-154М (№1 борт) менен учат. Ал 1993-жылы чыгарылган. 2018-жылдын башында РФ коргоо министри Сергей Шойгу Ту-154М учактарын авиакырсыктын алдын алуу максатында колдонуудан алуу туурасында айткан.

Ал эми "Россия-24" өзүнүн YouTube каналына видеоматериалын жайгаштырган.

"Алроса" компаниясынын борту Якутскинин Мирный шаарынан 140 жүргүнчүнү Новосибирскиге алып келген.

2002-жылы лайнер Мирныйдагы авиаишканага таандык болсо, 2013-жылы аны "Алроса" компаниясы алган.

"18 жыл ичинде Ту-154М аба кемеси 27,5 миң саат учкан. "Алроса" алган кийинки жылдары эле лайнер 737 каттам жасаган. Ага 160 миңден ашуун жүргүнчү түшкөн", — деп айтышты аталган компаниядан.

Бул жылдардын ичинде учак 1 224 тонна жүк, 52 тонна почта аманаттарын ташыган.

Компаниянын башкы директору Андрей Гуловдун айтымында, лайнерди колдонуу мөөнөтү аяктап бара жатат. Эксплуатациядан чыккандан кийин учак Новосибирскидеги Толмачев аэропортунда калат, андан кийинки тагдыры азырынча белгисиз.

Россиянын МиГ-31 истребителинин стратосферадагы керемет учуусу. Видео

Ту-154 аба кемеси Туполевдун конструктордук бюросунда иштелип чыккан. Биринчи ирет абага мындан 52 жыл мурда көтөрүлсө, 1972-жылы 9-февралда элди ташып баштаган. Бул советтик эң көп чыгарылган, жүргүнчүлөрдү ташый турган реактивдүү орто магистралдуу учак.

11
Белгилер:
жүргүнчү, Ту-154, Новосибирск, Якутск, Россия
Тема боюнча
6 миң метр бийиктик! Катуу шамалда аралыктан май куйган учактардын видеосу