Якутскиде зордуктоого шектелип кармалган эки кыргызстандык камакка алынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот мындай чечимди 20-мартта кабыл алган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Якутск шаардык соту жергиликтүү аялды күчкө салып кармап турган деп шектелип жаткан эки кишини 17-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун сайтында маалымдалды.

Соттун токтомун үч сутканын ичинде башка жактарга арызданууга болот.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, аталган жарандардын зордуктоого катыштыгы бар-жогу жөнүндөгү маалыматтар иликтенип жаткан.

"Якутск шаардык соту 20-мартта алардын баш коргоо чарасын карады", — дешти Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутскиде жашылча киоскилерин талкалаган адамдардын тобу кармалды
Якутиянын укук коргоо органдары жергиликтүү тургундун арызынын негизинде зордуктоо жана адам уурдоо фактысы боюнча иш козгогон. Тергөө 17-март түнү 23 жаштагы эркек киши аялды күчтөп автоунаага салып, гараж комплекстеринин биринде зордуктаганын аныктап чыккан. Андан кийин ал аялды унаа оңдогон жайга алып келип, эки досунун жанына таштап кеткен. Келин качып кетүүгө үлгүргөнү айтылат. Шектүү киши камакка алынып, анын эки таанышы кармалган.

Кылмыш Орто Азиядан келген мигрант тарабынан жасалды деген маалымат коомдо резонанс жаратып, митинг өтүп, жергиликтүү бийлик элге кайрылууга аргасыз болгон.

Кийин жашылча саткан күркөлөрдүн көбү иштебей калган. Абалды жөнгө салуу үчүн Якутия менен Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү да жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0