Бишкектеги Абай көчөсүнүн бир бөлүгү эки айга жабылат. Карта

Жазылуу
Мэрия айдоочуларды Панфилов менен Тыныстанов көчөлөрү аркылуу жүрүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бишкектеги Абай көчөсүнүн Медеровдон Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү 25-марттан 15-майга чейин оңдоо иштери үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар алмаштырылат. Мэрия айдоочуларды Панфилов менен Тыныстанов көчөлөрү аркылуу жүрүүнү сунуштайт.

Быйыл "Бишкектин жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында Абай көчөсүнөн тышкары Нуркамал, Токтогул, Алтымышев (Ремесленная), Репин жана Жайыл баатыр көчөлөрү оңдолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0