Бишкектеги автоунаалар. Архивдик сүрөт

"Коопсуз шаар": өкмөт мобилдик тиркеме иштеп чыкты

212
(жаңыланган 20:33 22.03.2019)
Тиркеме азырынча тесттик режимде иштеп жатат. Бардык кемчиликтери жоюлгандан кийин толук кандуу колдонууга берилет.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун алкагында пилоттук "112" уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилип жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ар бир активдүү жаран өзү күбө болгон кырсык же укук бузуу боюнча, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кайрыла алат. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтармакчы.

Маалыматта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыккан пилоттук "112" уюлдук тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болору айтылган. Тиркеме азырынча Android операциялык тутумунун базасындагы жабдууларда иштейт.

Тиркемени иштеп чыккандардын айтканы боюнча кырсыктарга жана коомдук тартипти бузууларга күбө болгон ар бир жаран сүрөт, аудио жана видеоматериалдарды тартып алып, аларды "112" линиясына билдирүү аркылуу жөнөтөт.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп берүүгө милдеттүү орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш. Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары жерине баруу менен ыкчам жооп кайтарышат", — деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жооп кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Картайганов.

Белгилей кетсек, тесттик ишке киргизүүнүн жыйынтыгы менен тиркеменин иши туураланып, андан соң уюлдук тиркеме толук кандуу колдонууга берилет.

212
Белгилер:
ӨКМ, өкмөт, мобилдик тиркеме, Коопсуз шаар
Тема боюнча
"Коопсуз шаар": кийинки коюлган камералардын иштөө мөөнөтү жылды
Эл жол эрежесин көп бузбай калды. ЖКККББ жетекчилиги "Коопсуз шаар" тууралуу
Футболчулар. Архив

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

6
(жаңыланган 20:46 07.08.2020)
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

6
Белгилер:
сыйлык, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт
Терезенин жанында турган адам. Архив

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

14
Күздөгү парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди. Sputnik Кыргызстан алардын лидерлери жана негиздөөчүлөрү тууралуу макала даярдады.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууну каалаган 44 партия БШКга арыздарын беришти. Маалымат Юстиция министрлигинин сайтынан жана Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтынан алынды.

Партия тууралуу кененирээк маалымат билүү үчүн анын аталышын басыңыз.

Маалыматта айырмачылыктар болуп жаткандыктан, булактарды көрсөтүү менен эки вариантты тең бердик. Ошондой эле партиялардын катталган (жаңы уюшулган) жана кайра катталган (партиянын саясий курамы өзгөргөндө) убактары көрсөтүлгөн.

Кызыгы, партияны кимдер түзгөндүгү тууралуу маалыматты айрымдар көрсөткөн эмес. Мындан тышкары, бул 44 партия тең парламенттик шайлоого катыша алат деген кепилдик жок. 24-августка чейин алар талапкерлердин тизмесин берүү менен күрөө коюшу керек. Ал эми 4-сентябрга чейин БШК каттоого алат же баш тартат.

 

14
Белгилер:
Парламент, тизме, саясый партия, БШК, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Добуш сатып алууга каршы күрөш. Жээнбеков мыйзамга кол койду
Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат
Боронов: шайлоого даярдык боюнча Республикалык штаб түзүлдү