Көлдүн жээгин тазалоо быйыл Тоңдон башталат

© Фото / Алтынбек Жолдошбеков Акция "Таза жээк" (Чистый берег) в селе Тору-Айгыр
Акция Таза жээк (Чистый берег) в селе Тору-Айгыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечилер адамдар ички маданиятын өнүктүрмөйүнчө аракеттен майнап чыкпай турганын айтышууда.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгин тазалоого багытталган "Ысык-Көлдү таза сактайлы" акциясы апрелдин ортосунда Тоң районунда өтө турганын Sputnik агенттигине "Ала-Тоо шаңы" коомдук фондусунун өкүлү, белгилүү режиссер Ырыс Окенова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара быйыл үчүнчү ирет өткөнү турат.

"Буга чейин акцияны Чолпон-Ата, Бостери, Балыкчыда өткөрүп келгенбиз. Тоң району негизинен ажайып жаратылышы менен айырмаланып, нукуралуулукту көбүрөөк сактап калган аймак, суу дагы салыштырмалуу таза. Көбүнчө этнотуризмге ылайыкташкан жер. Бирок экология бузула баштады. Адистер да көлдүн суусун текшерип ушундай жыйынтыкка келип жатышат. Мындан мурунку акцияларда атайын маданий программа менен элди таза жашоого, таза эс алууга үндөп келсек, эми анык бир иш-чаралар менен бекитүү убактысы келип жетти", — деди Окенова.

Ал акциянын алкагында өтчү иш-чаралар тууралуу кийинчерээк айта турганын белгилеп, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду.

Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

Жаңылыктар түрмөгү
0