Салык төлөңүз! Декларация эми түн ортосуна чейин кабыл алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековБирдиктүү салык декларациясы. Архив
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияны жумуш учурунда тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр 18.00дөн кийин деле кайрылса болот.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу бүгүнтөн тарта өзгөчө режимге өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, декларациялар 25-марттан 31-мартка чейин эртең мененки саат 09:00дөн түнгө чейин кабыл алына баштайт. Буга дем алыш күндөрү да кирет.

"Декларацияны жумуш учурунда тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр 18.00дөн кийин деле кайрылса болот", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер, жер тилкелери, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу салык органдарына отчет берүүсү керек.

Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү декларация кантип толтурулат. Салык кызматы көрсөтүп берди
"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү, жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишкерлик баштаган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0