Апрелдин башында Бишкектин дагы 9 жерине камера коюлат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКамеры фиксации нарушений ПДД
Камеры фиксации нарушений ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаага бүгүн 31 камера алып келинди.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жол эрежесинин бузулушун каттаган фото жана видеокамераларды 10 күндүн аралыгында орнотуп бүтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу "Вега" концерни билдирди.

Камера коюлчу жерлердин баары толугу менен даяр болду.

"Жабдуу Бишкекке келе баштады. Бүгүн, 25-март күнү, оптикалык системанын 31 даанасы келди. Азыр бажыдан өтүп, коюлчу жерлерге жөнөтүлүп жатат. Ишти тездетүү үчүн дагы үч бригада тартылды", — деп айтылат маалыматта.

Протокол толтуруп жаткан ЖКККББ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенүү кыйын! Акыркы 5 жылда айдоочулардан айып катары бюджетке түшкөн акча
Концерн көчөлөргө орнотулуучу камералар ушул жуманын акырына чейин коюлуп бүтөрүн, ал эми көчө кесилиштеринде каттагычтар жакынкы 10 күндүн ичинде иштей турганын белгиледи.

Макулдашуунун кечеңдетилиши тийиштүү жабдууну жеткирүү убактысын создуктуруп жиберген. Мындай мүчүлүштүктөргө жол бербөө максатында долбоордун үчүнчү жана төртүнчү фазасы үчүн жабдууларды азыртадан заказ кылып жатканын кошумчалады. Бул монтаждоо иштерин 10-15 күн эрте бүтүрүүгө шарт түзмөкчү.

Буга чейин калаа мэриясы экинчи фазанын алкагында Бишкектин тогуз кесилишке камера коюларын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0