Табышып койгула! Токмокто 14 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолду өтүп жаткан кыз. Архив
Жолду өтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм үйдөн 17-мартта саат 07:30дар чамасында чыккан боюнча дайынсыз.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Токмок шаарында укук коргоочулар дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Лейла Сусинаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиДайынсыз жоголгон 14 жаштагы Лейла Сусина
Табышып койгула! Токмокто 14 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Лейла Сусина

Өспүрүм үйдөн 17-мартта саат 07:30дар чамасында чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
48 саатка жоголуп кет. Өспүрүмдөрдүн өксүктүү "оюндары" күчөп жатат
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы сары, кой көз, үстүндө спорттук кийим — шымы кара, костюму бозомтук жашыл түстө. Бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийген.

Кызды көргөн-билгендер болсо, Токмок ИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 0-321-60-73-63, 0-313-8-6-31-02, 0709-07-21-56, 0551-102-753 номерлери аркылуу байланышып же 102ге кабарлап коюну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0