Бишкектин 24 көчөсү менен 4 конушунда жарык жок болот. Тизме

CC BY 2.0 / Bryan Brenneman / candle lightОтключение света в КР
Отключение света в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык берүү борбордук көчөлөрдө жана конуштарда үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Эртең, 26-мартта, Бишкектин 40 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, атайын бригада бактарды бутап, трансформатор, электр өткөрүү линияларын оңдоп, профилактикалык иштерди аткарат.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09:00-17:00 — Кольцевая, Карасаев, Калык Акиев (№100 үй) көчөлөрүнүн бир бөлүгү жана Ак-Ордо конушу (Түндүк көчөсү);

09:30-13:00 — Горький, Матросов, Бектенов жана Гвардейский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09:30-17:00 — Коенкөзов, Бөкөнбаев, Үмөталиев, Шевченко, Турусбеков, Сагымбай манасчы, Боролдой, Жалал-Абад, Базар-Коргон көчөлөрү жана Талды-Суу туюк көчөсү;

09:30 до 18:00 — Токтогул (№37 үй), Жеңиш, Үмөталиев, Турусбеков, Сыдыков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик жаңы конушу (Ак-Марал, Бадахшан, Жылга-Сай, Улар, Мамыр, Береке, Ак-Куу, Чортеков, Жазыйра, Жоогазын, Ак-Шыйрак, Арча-Бешик, Дабан, Азамат, Ак-Кайың);

10:00-13:00 — Ибраимов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

10:00-17:00 — Учкун-2 жана Энесай конуштары;

13:00-17:00 — Асанбай кичирайону.

Жаңылыктар түрмөгү
0