Оолуксам 30 жаштамын... Окумуштуулар адам качан чоңоерун айтышты

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР
Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 18 жашка чейинкилердин мээсинде анын жүрүм-турумуна таасир этчү өзгөрүүлөр токтобой турганын далилдешти.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кембридж университетинин (Улуу Британия) окумуштуулары адам 30 жашка чыкмайынча толук чоңойбой турганын билдиришти. Иликтөөнүн жыйынтыгын ВВС каналы карап көргөн.

Адистер 18 жашка чейинкилердин мээсинде анын жүрүм-турумуна таасир этчү өзгөрүүлөр токтобой турганын далилдешти. Ал өзгөрүүлөр адамдын психикасына да таасир этет.

"Балалыктан чоң жашоого өтүү бир топ нюанстар менен коштолот. Буга ондогон жылдар керектелет", — деди иликтөө тобунун жетекчи орун басары Питер Жонс.

Анын айтымында, мээнин өрчүшү жана толук кандуу чоң киши болуу процесси 30 жылга чукул убакытты алат. Демек, адам дал ушул курактан өткөндөн кийин гана чындап чоңойгонун айтууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0