Тиматинин бургер тараткан кечесине саясатчылар да келди. Видео

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүБургер таратуу. Архивдик сүрөт
Бургер таратуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ачылыш аземинде депутаттардын болушу интернет колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратты.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 25-мартта россиялык рэпер Тимати Бишкектеги соода борборлорунун биринде фастфуд саткан жайын ачып, ага көптөгөн шаар тургундары келди.

Россиялык ырчы чогулгандарга бекер бургер тараткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары Тиматинин фастфуд саткан жайынын ачылышына экс жана учурдагы депутаттар да келишкенин видеого тартып жарыялады. Бул өз кезегинде интернет колдонуучулары арасында түрдүү талкуу жаратты. Айрым тургундар депутаттар бургерди таратып жатышканын айтса, кээси аткаминерлер бекер аш тараткан жерге келбей эле койсо болмок деген пикирлерин жазышты.

Интернетке жарыяланган видеодо азыркы депутаттар Иса Өмүркуловду, Таалайбек Масабировду жана экс-депутаттар Ахматбек Келдибеков жана Равшан Сабировду көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0