Караколдо милиционер 10 миң сом салынган капчык таап алып, ээсине кайтарды. Видео

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиБоец Отдельного специального отряда МВД по Иссык-Кульской области Бакыт Узаков с жительницей города Каракол Бактыгуль Алымбаевой
Боец Отдельного специального отряда МВД по Иссык-Кульской области Бакыт Узаков  с жительницей города Каракол Бактыгуль Алымбаевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсионер базарга соода кылуу үчүн келип, капчыгын байкабай түшүрүп алган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Караколдо милиция кызматкери пенсионердин базардан жоготкон капчыгын 10 миң сому менен кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, пенсионер базарга соода кылуу үчүн келип, капчыгын байкабай түшүрүп алган.

"Милиционер соода күркөлөрүнүн жанынан ичинде акча бар капчыкты таап алган. Бирок азгырыкка алдырбай, аны ээсине кайтарып берген", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкери капчыкты таап алары менен анын ээсин издеген.

Жол кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кудум кинодогудай. Ошто кош бойлуу келинди автоинспектор төрөтканага жеткирди
"Сураштырып отуруп, акчасын жоготкон апаны таптым. Мен жанына барганда ал маанайы чөгүп жинденип жатыптыр. Өзүмдү тааныштырып, капчыкты берип, акчасын санап алыңыз дедим. Ал акчасын санап, мага ыраазычылыгын айтып батасын берди", — деди милиционер.

Ал ошондой эле улуулардын батасынан өткөн жакшы нерсе жок экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0