Сүйүнчү пул алуунун жолу дагы жеңилдеди

© AFP 2023 / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча бул пилоттук долбоор Сокулук, Аламүдүн жана Бишкектин Свердлов райондорунда жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Эми балага сүйүнчүнү ата-эне банктан атайын эсеп ачтырбай эле ала баштайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Азырынча бул пилоттук долбоор Сокулук, Аламүдүн жана Бишкектин Свердлов райондорунда жүргүзүлүп жатат.

"Эми арыз тапшыруучу милдеттүү түрдө банктан эсеп ачпайт. Арыз жазып тапшырган учурда өзүнө ыңгайлуу банкты тандап, "балага сүйүнчү" акчалай төлөмүн 7 күндүн ичинде паспорту менен барып ала алат", — деп жазылат маалыматта.

Детская соска и национальная валюта. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
Буга чейин ата-эне эгер өзүнүн банктагы эсеби бар болсо, арызга ошол эсептин реквизиттерин көрсөтчү. Эгер банктык эсеби жок болсо, жаңы эсеп ачтыруусу кажет эле.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "Балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилип баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0