Россиядан 40 ректор келет. Бишкекте билим форуму өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын жана Кыргызстандын желектери. Архив
Россиянын жана Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форум эки мамлекеттин ортосунда илим жана билим берүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулууда.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаада Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышкан Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун I форуму өтөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция" аттуу бул иш-чара РФ лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарынын алкагында бүгүн, 27-мартта, болмокчу.

Форумдун максаты — эки мамлекеттин ортосунда илимий жана билим берүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү.

Форумга Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келет.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар, ишкерлер, коомчулук күткөн Путиндин сапары. Эксперттер эмне дейт
Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышат.

Форумдун программасында пленардык отурумдар болот. Андан сырткары, "Орус тили Россия - Кыргызстандын илимий билим берүү интеграциясынын негизи", "Табигый илимий жана гуманитардык жааттагы кыргыз-орус кызматташтыгы", "Экономиканы модернизациялоо шарттарында кадрларды даярдоодо жаңы мамилелер" деп аталган сессиялар иштейт.

Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлор союзунун кызматташтыгы тууралуу макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташуу боюнча эки тараптуу 79 келишимге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0