Жээнбеков Кыргызстанда илимдин кайсы тармагын өнүктүрүү керектигин айтты

Жазылуу
Өлкө башчы Россиядан келген жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин алдында сөз сүйлөп, билим берүү жаатындагы өлкөнүн потенциалы тууралуу кеп козгоду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн келечектүү илимдин багыттары тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчы "Билим берүү жана илимди өнүктүрүү — келечектеги инвестициялар" аталышындагы Кыргызстан менен Россия ректорлорунун I форумунда сөз сүйлөдү.

"Кыргызстан альтернативалык энергетика жана гидроэнергетика сыяктуу тармактар боюнча илим-билим жактан кызматташууга кенен аянтча болуп берерине ишендирип кете алам. Бизде тоолор жана сууларды изилдөө боюнча, бийик тоолуу медицина, дары флорасын фотохимиялык изилдөө жүргүзүүгө же экологиялык таза үрөндөрдү жана тамак-аш азыктарын чыгарууга мүмкүнчүлүктөр кеңири", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ал саламаттыкты чыңдоо туризми жана тоо-кен сектору боюнча илимий изилдөө базаларын өнүктүрүүгө өлкөнүн потенциалы чоң экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0