РФ министри Кыргызстандан барган студенттер тууралуу кеп кылды

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков.
Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Михаил Котюков Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун алдында сүйлөдү.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер тууралуу пикирин билдирди.

Ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Билим берүү жана илимди өнүктүрүү — келечекке инвестиция" аталышындагы Кыргызстан менен Россия ректорлорунун I форумунда сөз сүйлөдү.

"Соңку жылдары Кыргызстандын жаштары арасында Россиядан билим алууга, орус тилин үйрөнүүгө кызыккандар көбөйүп баратканын көрүп жатабыз. Учурда Россиянын ЖОЖдорунда 15 миңден ашуун Кыргызстандын жарандары окуйт", — деди Котюков.

Мындан сырткары, ал кыргызстандыктар көбүнчө экономика, юриспруденция, эл аралык мамилелер, менеджмент жана инженердик программалоо адистигине тапшыра турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0