Аргымакка миндим деп арткы топтон адашпа. Асан Кайгынын кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет ойчул акын Асан Кайгынын санат-насыяттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Асан Кайгы ойчул, сынчы жана акын адам болгон. Ысымы түрк элдерине эбактан белгилүү. Кыргыз элинин уламыш, фольклордук маалыматында ал XIV-XV кылымдын аралыгында жашаган деп айтылат. Акын өмүр бою элдин муңун муңдап, зарын зардап жүргөндүктөн Асан Кайгы атка конгон экен. Ал жөнүндө айрым түрк (каракалпак, казак) элдеринде да ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Казак тарыхчысы Чокон Валиханов Асан Кайгыны "көчмөн элдердин философу" деп атаган.

Ойчул малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп Талас, Нарын, Аксай, Ат-Башыга чейин барган экен. Акыры Ысык-Көлдү жактырып, аны конуштап калып, өлөр алдында айткан керээзи боюнча сөөгү Ысык-Көлдүн адам баспай турган бир аралына коюлган деп айтылат.

Асан кайгынын термелери:

Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум деп,
Менменсинип адашпа.

Артык үчүн айтышып,
Досторуң менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.

***

Сабырдын түбү сары алтын,
Саргарган жетээр муратка.
Сабырсыз калаар уятка.

***

Сараң бай суу акпаган сайга окшош.

***

Акыл оошот, ырыс жугушат.

***

Аргымакты жаман деп,
Бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп,
Тууганды кайдан табасың?..

Алганыңды жаман деп,
Асылды кайдан табасың?
Уулуңду жаман деп,
Урматты кайдан табасың?
Карыяны жаман деп,

Кадырды кайдан табасың?
Ата Журтту жаман деп,
Как талаада каласың.

***

Бир кезекте бул аалам
Чакыйган муздай тоңорбу.
Мына ушинтип дүйнөдөн,
Адамзатты жойорбу...

***

Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок,
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Жармач эле малы жок,
Жамынаарга жабуу жок,
Актап ичер таруу жок,
Алкынып чыгар алы жок,
Жарды байкуш кантти экен...

Жаңылыктар түрмөгү
0