Кыргызстандын 7 окуу жайы россиялык ЖОЖдор менен келишим түздү

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБүтүрүүчүлөр. Архив
Бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимдерге кол койгондордун арасында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректорлору бар. Алар МГУ менен кызматташуу боюнча документтерге кол койду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Россия менен Кыргызстан ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтык боюнча жети документке кол коюлду.

Келишимдер "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция" форумунун алкагында түзүлдү.

Тагыраагы, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректорлору макулдашышты.

Андан тышкары, кол коюлган документтер:

  • Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосундагы келишим;
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы келишим;
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы менен Оренбург мамлекеттик университетинин ортосундагы келишим;
  • Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен Кубань мамлекеттик технологиялык университетинин ортосундагы келишим;
  • Ош мамлекеттик университети менен Казань федералдык университетинин ортосундагы меморандум.
Жаңылыктар түрмөгү
0