Россияда канча кыргызстандык жогорку билим алып жатканы айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛекциядагы студенттер. Архив
Лекциядагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция" форуму өтүп жатат.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын ар кайсы шаарларында 15 563 кыргызстандык жогорку билим алууда. Бул тууралуу Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция" форумунда айтты.

"Алардан тышкары эки өлкөнүн биргелешкен Кыргыз-Россия Славян университетинде 11 миң адам окуйт. Бүгүн кол коюлган документтердин алкагында кызматташтык күчөп, мындан ары дагы тыгыз иштешебиз", — деди Котюков.

Аталган иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын 70 жогорку окуу жайынын ректорлору чогулган. Анда жалпысынан Кыргызстан менен Россиянын алдыңкы окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча бир нече документке кол коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0