Путин Бишкекте өзүнүн Aurus лимузини менен жүрөт. Фотофакт

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 21-жыйыны өтөт. Андан сырткары, 27-мартта Кыргызстан менен Россиянын ишкер чөйрөсүнүн катышуусу менен кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференциясы өттү.

Эки мамлекеттин президенттери журналисттер үчүн жыйын курат. Путиндин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 30дай документке кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0