Ката көргөн жокмун! Кудайбердиева форумдун трибунасындагы жазууга жооп берди

Жазылуу
Билим берүү министри буга типография күнөөлүү экенин айтат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кечээки Кыргызстан менен Россия ректорлорунун форумунда трибунадагы ката жазуу боюнча комментарий берди.

Открытка кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркекти 8-марты менен куттуктаган Абировдун каты. Шаардык кеңеш түшүндүрмө берди
Белгилей кетсек, "Билим берүү жана илимди өнүктүрүү — келечекке инвестиция" аталышында форум өтүп, анда трибунадагы жазууда ката кеткени байкалган. Муну социалдык тармактарда сындап, Билим берүү министрлигин келекелешкен.

Атап айтканда, "Первый форум ректоров вузов Российской федерациии Кыргызской Республики "Развитие науки и образования-инвестиции в будущее" деп жазып, эки жерден ката кеткен.

Кудайбердиева болсо мындай катанын жол берилишине типография күнөөлүү экенин айтат.

"Кандай ката кетиптир, мен көргөн жокмун. Бул жөн гана типографиянын кемчилиги. Иш-чара бүткөндөн кийин буга жол бергендерди териштиребиз. Билесиздерби, мындан ким эмнени көргүсү келсе, ошону көрдү. Андан көрө форумдун өзүн карабайсыздарбы, билим берүү системасы үчүн кандай маанилүү темалар талкууланды", — деп жооп берген Кудайбердиева.

Иш-чара Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду. Ал эми бүгүн эртең менен келген РФ лидери кандай тосулуп, кандай иш-чаралар өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0