Владимир Путинди тосуп алуу иш-чарасы Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Владимир Путинди тосуп алуу салтанаты башталды

152
(жаңыланган 12:36 28.03.2019)
Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Путинди тосуп алуу иш-чарасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Эки өлкөнүн гимни жаңырып, Ардак кароол тосуп алды. Путин Жээнбековдун коштоосунда кыргыз делегациясы менен учурашып чыкты. Андан соң Жээнбеков россиялык делегациянын өкүлдөрү менен саламдашты. 

Тараптар тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрүшөт. Андан соң бир нече маанилүү документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өтөт.

План боюнча президенттер андан ары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине, Кыргыз-Россия региндор аралык VIII конференциясына барышат.

Протокол боюнча мамлекеттик сапардын салтанаттык бөлүгүнө президенттер, делегация мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат.

152
Белгилер:
салтанат, жолугушуу, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, Владимир Путин
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)
Тема боюнча
Путинди ташыган лимузиндин ички көрүнүшү. Видео
Aurus баштаган кортеж, бал менен боорсок. Путинди тосуп алгандагы видео
Путин Бишкекте өзүнүн Aurus лимузини менен жүрөт. Фотофакт