Ош: май куюучу 44 бекеттин 34үндө коопсуздук сакталган эмес

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы май куйуучу жай. Архив
Ош шаарындагы май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош калаасындагы май жана газ куйган жайлардын 65 пайызы талапка жооп бербейт.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош шаарында өрт коопсуздугу, автоунаага май жана газ куюучу бекеттhttps://sputnik.kg/video/20190320/1043710594/oshto-azs-ort.htmlердеги коопсуздук, архитектуралык мыйзамсыз курулуштар боюнча жүрүп жаткан иштер талкууланды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Жыйында Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү каралган.

Вице-мэр Жасур Азимов аталган жааттагы кемчиликтерге токтолгон.

"Ош шаарында автоунаага май жана газ куюучу 44 бекет болсо, алардын 34үндө коопсуздук аймагы сакталган эмес. Бул май жана газ куйган жайлардын 65 пайызы талапка жооп бербейт дегенди билдирет. Бул багытта азыркы күнгө чейин Мамэкотехинспекция тарабынан бир да май жана газ куюучу жайларга конкреттүү чара көрүлгөн эмес", — деген вице-мэр.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү май куюучу жайдан өрт чыгып, адамдар жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0