Кыргызстандын жоокерлери өзү учуучу аппаратты башкарууну үйрөнөт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБеспилотный летательный аппарат (БПЛА)
Беспилотный летательный аппарат (БПЛА) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбиев Россия дайыма аскердик-техникалык жардам берип келерин, ошонун негизинде Кыргызстан курал-жарак, аскердик техника менен камсыз болуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабы менен Россиянын Коргоо министрлиги маанилүү протоколго кол койгонун штабдын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жаңы протоколдун Кыргызстанга тийгизген пайдасы абдан көп.

"Бул протоколдун негизинде Кыргызстандын аскер кызматкерлери Россиянын аскерлери менен бирдикте өзү учуучу аппараттарды колдонгондү үйрөнүшөт. Бул Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле биздеги Россиянын базасын кайтарууга керек. Андан сырткары, Россия менен Кыргызстан колдонуп келген учуучу тилкелер модернизацияланат", — деди ал.

Дүйшөмбиев, андан сырткары, Россия "Кант" авиабазасынын жер акысына көбүрөөк акча төлөй турганын кошумчалады.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР согушта бактериологиялык курал колдонууга тыюу салган протоколго кошулду
"Жылына 4,5 миллион доллар төлөнүп келген, жаңы протоколдун негизинде жерди, көлдөгү акваторияны колдонгонго 4 миллион 790 миң доллар төлөнөт. Бул протоколго кол коюу да эки тараптын аскердик байланыштары күчөгөнүн тастыктап турат. Мындан ары да аскердик-техникалык байланыштар күчөтүлөт", — деди ал.

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчисинин айтымында, учурда Кыргызстандын 500дөн ашык аскер кызматкери Россиянын Коргоо министрлигинин жогорку аскер окуу жайларында бекер окуп жатканын белгиледи. Дүйшөмбиев ошондой эле өз сөзүндө Россия дайыма аскердик-техникалык жардам берип келерин, ошонун негизинде Кыргызстан курал-жарак, аскердик техника менен камсыз болуп жатканын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0