Бишкекте көпүрөнүн алдын суу каптап унаалардын номерлери жоголду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык"Суу каптаган Лев Толстой көчөсү
Суу каптаган Лев Толстой көчөсү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-март күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам жолдорду суу каптаган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Суу каптаган Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн алдынан автоунаалардын мамлекеттик номерлери табылды. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аймакты 28-март күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам суу каптаган. Буга ирригация системасына таштанды толуп түтүктөрдүн иштебей калганы себеп болгон. Ушул эле күнү саат 23:00гө карата муниципалдык кызматтын өкүлдөрү көйгөйдү жоюшту.

Фрунзе — Тоголок Молдо, Абдрахманов — Фрунзе, Абдрахманов — Кулатов, Исанов — Чүй жана Манас — Бөкөнбаев көчөлөрүн дагы суу каптаган.

"Болгон окуя үчүн кечирим сурайбыз. Биз арыктарды, люктарды таштандыдан арылтууну улантып жатабыз. Жарандарды шаарга аяр мамиле жасап, таштандыны жолго таштабоого чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Унаа номерлерин жоготкондор 0 (555) 82-70-28 телефонуна кайрыла алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0