Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана РФ президенти Владимир Путин менен түшкөн сүрөтү

Путиндин алдына туруп сүрөткө түшкөн Айтматовдун небереси талкууланууда

1664
(жаңыланган 13:56 29.03.2019)
Мамлекет башчылар кечээ, 28-мартта, жазуучунун үй-музейине барышкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнүн КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана РФ президенти Владимир Путин менен түшкөн сүрөтүндөгү жазуучунун небереси социалдык тармактын көңүлүн өзүнө бурду.

28-мартта Россиянын лидери Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Путин менен Жээнбеков Айтматовдун үй-музейине барып, жазуучунун бүлөсү алар үчүн экскурсия уюштурган. 

Президент КР Сооронбай Жээнбеков и президент РФ Владимир Путин посетили дом-музей им. Чынгыза Айтматова в Бишкеке. 28 марта, 2019 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
РФ президенти Владимир Путин менен алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун небереси

Жолугушуунун соңунда Айтматовдор президенттер менен сүрөткө түшкөн. Россия лидеринин маалымат кызматынын фотографы Михаил Климентьев жазуучунун небереси Сулайман кебете-кешпирин бузуп, колдорун жаңсаган учурун тартып алган. Сүрөттөн жеткинчектин артында ийинине колун койгон Путин турганын көрүүгө болот.

Facebook социалдык тармагынын Асел Абыкеева аттуу колдонуучусу кадрды "күндүн сүрөтү" деп атады.

"Сүрөттө эки президент болгону менен баары бир алар башкы ролдо болбой калган көрүнүш", — деди Наталья Тимирбаева.

"Балалык кыял ушундай. Мелдешесизби, сиздин эки президент менен түшкөн сүрөтүңүз жок. Айтматовдун небереси", — деп "Короче" Telegram каналы жазды.

Ал эми Айбек Турдалиев сүрөттү жөн гана жүктөп баланы белгилеп койгон.

Баса, Владимир Путин Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баруудан ырахат алганын билдирди.

1664
Белгилер:
Владимир Путин, музей, үй, Чыңгыз Айтматов, Кыргызстан
Тема:
Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары (52)