Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЧемпионат мира по "Танковому биатлону". Полуфинал
Чемпионат мира по Танковому биатлону. Полуфинал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин калаа тургуну плакатка жакындап келип, аскерлердин формасындагы "Казакстан" деген жазууну көрсөтүп, аскер комиссариатын уяткарып сүйлөгөн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектеги Биринчи Май райондук аскер комиссариатынын дубалына Казакстандын аскер кызматкерлеринин сүрөтү илинген факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

"Күнөөлүүлөр аныкталып, катуу чара көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окурман Sputnik Кыргызстан редакциясынын Telegram каналына борбор калаадагы аскер комиссариатынан тарткан видеосун салып жиберген. 

© © видео очевидца, отправленное по Telegram-каналуКазакстандык аскерлердин сүрөтү Кыргызстандын борбор калаасындагы Биринчи Май райондук аскер комиссариатында бир нече күндөн бери илинип турган.
Бишкектеги аскер бөлүккө казак жоокеринин сүрөтүн илгендер жазаланды - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык аскерлердин сүрөтү Кыргызстандын борбор калаасындагы Биринчи Май райондук аскер комиссариатында бир нече күндөн бери илинип турган.

Анда параддык кийим менен казакстандык эки танкисттин сүрөтү аталган жайда чоң эле аянтты ээлеп, илинип тургандыгын көрүүгө болот. Видеону тарткан киши плакатка жакындап келип, аскерлердин формасындагы "Казакстан" деген жазууну көрсөтүп, аскер комиссариатын уяткарып сүйлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0