Ишембиге карата аба ырайы: жаан жаайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-мартка караган түнү Чүй боорунда жана борбор калаада катуу шамал болушу күтүлөт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 30-мартта республика боюнча жамгыр жаап, айрым жерлерде карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде маал-маалы менен 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +11…+16 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +12…+14, Нарын жергесинде +3…+8 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +16…+18, Бишкекте +15…+17 градусту көрсөтүп, шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 15-20 метрге жетери белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0