Петр Шубин атындагы борбордук музыкалык мектеби. Архивдик сүрөт

Кыргыздын алгачкы оркестрин түзгөн Шубиндин атындагы мектепке 80 жыл толду

93
(жаңыланган 13:16 30.03.2019)
Петр Шубин кезинде Атай, Карамолдо сыяктуу улуу инсандарды эл арасынан таап чыгып, талантын ачкан улуу педагог-композитор болгон.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Петр Шубин атындагы борбордук музыкалык мектеп ачылышынын 80 жылдыгын белгилеп, ага карата юбилейлик концерт берет. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Концерт Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өтөт.

Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин үч окуучусу Казакстандын Алматы шаарында өткөн Бакытты елдин урпагы аттуу эл аралык кароо-сынакта баш байгени багындырды
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР
Аталган музыкалык жай бул мезгил ичинде Кыргызстандын маданиятына өзүнүн салымын кошуп, улуттук баалуулуктарды сактап жана андан ары өнүктүрүп кеткен жүздөгөн таланттарды тарбиялап чыкканы маалым.

Алардын жарымынан көбү Кыргызстанда, Россияда, Германияда жана АКШдагы жогорку окуу жайларда музыкалык билимин уланткан.

1948-жылы 20-январда СССРдин Министрлер совети Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Петр Шубиндин кыргыздын профессионалдык маданиятына сиңирген эмгегин эске алып, ысымын аталган жайга ыйгарган. 2010-жылы бул билим жайына "Балдардын борбордук музыкалык мектеби" макамы берилген.

Улуу педагог Петр Шубин республикада биринчилерден болуп элдик музыкалык аспаптардын оркестрин уюштурган. Кезегинде мындай кадам өтө татаал болгон. Себеби республикада кесипкөй музыканттар болбогондуктан аларды издөө үчүн тоо арасындагы айылдарды кээде жөө-жалаңдап кыдырууга туура келген. Шубин айтканынан кайтпай, көп кыйынчылыкты башынан өткөрсө да Мураталы Күрөңкөев, Карамолдо Орозов жана Атай Огонбаев сыяктуу улуу таланттарды таап чыккан.

93
Белгилер:
мектеп, юбилей, оркестр, музыка, Кыргызстан
Тема боюнча
Алсеитова: колунда бар студенттер музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алууда
Намазбекова: музыкалык окуу жайга өтүү оңой эмес