Казакстан чек арада КР фураларынын кармалышын түшүндүрдү

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация в КПП "Актилек-автодорожный"
Ситуация в КПП Актилек-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу 223 автоунаа коңшу өлкөгө өтө албай турат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше департаменти берген маалыматка караганда, кыргыз-казак чек арасында фуралардын кармалып турушуна жүк ташуучу унаалардын бажы текшерүүсүнөн өткүсү келбегени себеп. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" пунктунда 140тай фура токтоп турат. Видео
Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" (Казакстан тараптан "Карасу") көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу 223 автоунаа коңшу өлкөгө өтө албай турат.  Негизи "Ак-Тилек" пунктунда фуралар кезек күтүп турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.

Казакстан тарап чек арада мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда жүк ташуучу унааларды текшерип жатканын билдирди.

"27-марттан бери "Карасу" өткөрүү пункту аркылуу кытай жана түрк товарларын алып келе жаткан тогуз унаа текшерилди. Бардыгынын товарларга документтери жетишсиз. Дагы 40 унаа документтерди кайрадан тууралап келүү үчүн өз демилегеси менен Кыргызстанга кайтты", — деп айтылат макалада.

Казак бажычыларынын айтымында, туура эмес документтер импорттолгон товарларга гана тиешелүү. Ал эми Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар боюнча эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес.

Казакстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, "Карасу" өткөрүү пунктунда 140 фура кезек күтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0