Бишкектин бир катар бөлүгүндө газ өчөт. Тизме

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПроверка газового оборудования в домах города Екатеринбурга
Проверка газового оборудования в домах города Екатеринбурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеде борбор калаанын 12 көчөсү жана шаар четиндеги аймактар бар.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүгү 4-апрелге чейин газсыз калат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Көгүлтүр от өчө турган аймактар:

2-4-апрель аралыгында — Манас, Чүй проспектилеринин бир бөлүгү, Исанов, Токтогул, Сыдыков көчөлөрү, Көлбаев, Ибраев, Сокулук жана Ысык-Көл көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

3-4-апрель — Орозов, Патрис Лумумба жана Абдраев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

Мындан сырткары, 1-апрелден 5-апрелге чейин Чүй облусуна караштуу Аламүдүн айылында (Гибростроитель, Алма-Ата, Набережный көчөлөрү жана Аламүдүн дарыясы менен чектешкен аймак, Иваницина, Кожожаш, Гоголь, Школьный көчөлөрү менен "Шин-Лайн" ЖЧКсы) газ берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0