Бишкектин борбордук бөлүгүндө 4-апрелде таза суу жок болот. Тизме

© AFP / VOISHMELРадиация воды в Японии
Радиация воды в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 58 мекемеде суу болбойт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 4-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотула турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин 2-апрелде дагы Бишкектин бир катар аймактарында таза суу болбой турганы кабарланган. https://sputnik.kg/society/20190401/1043826533/bishkek-taza-suu-remont.html

Ага ылайык, белгиленген күнү темир жол, Панфилов менен Фрунзе көчөсү жана Аламүдүн дарыясынын төрт бурчтугунда таза суу жок болот.

Суу жок боло турчу жерлердин тизмеси:

  • Чыгыш-6 кичирайону;
  • "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы;
  • Гоголь көчөсүндөгү борбордук мечит;
  • "Штайнброй" ЖЧКсы;
  • № 5, 12, 65 кесиптик лицейлерде;
  • № 4, 11, 24, 28, 30, 67 орто мектептерде, №6 мектеп-гимназиясында, "Звездочка" мектеп-комплексинде;
  • № 31, 35, 61, 124, 145, 178 бала бакчаларда;
  • №29 автоматташтырылган телефон станциясында;
  • "Бишкек-Сити" соода үйүндө;
  • "Карвен-Клуб плюс" спорткомплексинде;
  • Бишкек ШИИБинде;
  • "Жыргал" ден соолукту чыңдоо комплексинде;
  • "Дордой Плаза" соода борборунда;
  • № 4, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда;
  • "Айгүл" АКында;
  • "Аалам" мекемесинде;
  • "Кыргызтелекомдо";
  • "Кыргызпочтасында";
  • ЖАМКта;
  • Юстиция министрлигинде;
  • Экономика министрлигинде;
  • "Айчүрөк" борбордук дүкөнүндө;
  • "Чынар" соода борборунда;
  • Республикалык диагностика борборунда;
  • Кыргыз-орус Славян университетинде;
  • "Кабар" маалымат агенттигинде;
  • ИИМдин мамлекеттик күзөт башкармалыгынын адистештирилген кызматында;
  • Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында;
  • "Кыргызинвест" ЖЧКда;
  • Чүй университетинде;
  • "Триада" басмаканасында;
  • "Мега Комфорт" соода үйүндө;
  • "Миң түркүн" соода жайы;
  • Свердлов РИИБи;
  • "Графа" басмаканасында;
  • "Алтын-Башат" мектеби жана "Телеком" АКынын бала бакчасында;
  • "Детский мир" соода үйүндө;
  • Шубин атындагы музыкалык мектепте;
  • Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде;
  • Гапар Айтиевдин мемориалдык музей-өнөрканасында;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында;
  • "Ала-Тоо" кинотеатрында;
  • Тыныстанов көчөсүндөгү Өзбекстандын өкүлчүлүгүндө;
  • Жогорку сотто;
  • Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0