"Ош" базарынын аймагындагы турак үйлөрдөн чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Нурис Алымбаев Бишкекте "Ош" базарынын аймагындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
 Бишкекте Ош базарынын аймагындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач бир үйдөн өрт чыкканы айтылган болчу.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте "Ош" базарынын аймагындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, өрт толугу менен саат 17:47де өчүрүлгөн. Такталган маалымат боюнча өрт эки үйдөн чыккан.

ӨКМге Бейшеналиева көчөсүндөгү кырсык тууралуу маалымат саат 15:30да түшкөн. Социалдык тармакка жарыяланган видеодон уюлгуган түтүндү көрүүгө болот.

Окуядан жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0