Премьер Абылгазиев Баткенге барып, Ак-Сай — Тамдык жолун көрдү

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 24,5 чакырым жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Sputnik / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в рамках рабочей поездки в Баткенскую область ознакомился с состоянием внутренних дорог в приграничных районах региона
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты
© Sputnik / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевХод строительства автодороги Ак-Сай — Тамдык в Баткенском районе
Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай — Рават унаа жолунун абалын текшерип, Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты - Sputnik Кыргызстан
2/5
Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай — Рават унаа жолунун абалын текшерип, Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты
© Sputnik / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в рамках рабочей поездки в Баткенскую область ознакомился с состоянием внутренних дорог в приграничных районах региона
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жалпы узундугу 25 чакырымдык Ак-Сай — Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталганын, бүгүнкү күнү 18 чакырым жол курулуп бүткөнүн маалымдады - Sputnik Кыргызстан
3/5
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жалпы узундугу 25 чакырымдык Ак-Сай — Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталганын, бүгүнкү күнү 18 чакырым жол курулуп бүткөнүн маалымдады
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в рамках рабочей поездки в Баткенскую область ознакомился с состоянием внутренних дорог в приграничных районах региона
Сапарынын алкагында Абылгазиев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектептин абалынан кабар алып, окуу имаратынын окуу класстарын, ашканасын жана башка жайларын көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан
4/5
Сапарынын алкагында Абылгазиев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектептин абалынан кабар алып, окуу имаратынын окуу класстарын, ашканасын жана башка жайларын көрүп чыкты
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев в рамках рабочей поездки в Баткенскую область ознакомился с состоянием внутренних дорог в приграничных районах региона
Премьер-министр спорттук залды оңдоо жана терезе-эшиктерди алмаштыруу үчүн баштапкы баскычында 10 миллион сом табууну тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Премьер-министр спорттук залды оңдоо жана терезе-эшиктерди алмаштыруу үчүн баштапкы баскычында 10 миллион сом табууну тапшырды.
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты
2/5
Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай — Рават унаа жолунун абалын текшерип, Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты
3/5
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жалпы узундугу 25 чакырымдык Ак-Сай — Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталганын, бүгүнкү күнү 18 чакырым жол курулуп бүткөнүн маалымдады
4/5
Сапарынын алкагында Абылгазиев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектептин абалынан кабар алып, окуу имаратынын окуу класстарын, ашканасын жана башка жайларын көрүп чыкты
5/5
Премьер-министр спорттук залды оңдоо жана терезе-эшиктерди алмаштыруу үчүн баштапкы баскычында 10 миллион сом табууну тапшырды.

Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай — Рават унаа жолунун абалын текшерип, Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жалпы узундугу 25 чакырымдык Ак-Сай — Рават жолунун курулушу 2014-жылдын январында башталганын, бүгүнкү күнү 18 чакырым жол курулуп бүткөнүн маалымдады.

"Министр Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушу уланып жатканын белгиледи. Азыркы тапта 24,5 чакырым жолдун 13 чакырымы курулуп бүттү. Бул унаа жолдун курулушу Кыргызстандын аймагы боюнча Баткен районунун чектеш аймактарында тоскоолдуксуз унаа каттамдарын шарттайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Сапарынын алкагында Абылгазиев Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектептин абалынан кабар алып, окуу имаратынын окуу класстарын, ашканасын жана башка жайларын көрүп чыкты.

Чек арада кезекте турган жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча үн катты
Премьер-министр спорттук залды оңдоо жана терезе-эшиктерди алмаштыруу үчүн баштапкы баскычында 10 миллион сом табууну тапшырды. Мындан тышкары, Абылгазиев Ак-Сай айылынын кире беришинде жайгашкан көпүрөнү көрүп келди.

Тиешелүү органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте жаңы көпүрөнүн курулушу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылганы маалым болду.

Эскерте кетсек, дал ушул Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушунан улам 13-март күнү Баткен районундагы Ак-Сай менен Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чатак чыккан. Эртеси, 14-мартта, эки тарап бири-бирине таш атып, чыңалуу күч алган. Тажикстандын тургундары жолдун курулушуна каршы чыкканы кабарланган.

Өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүнүн натыйжасында аталган жолдун курулушу улантылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0