БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Аутизм илдетине кабылган балдардын билим алуусундагы тоскоолдуктар жөнүндө Саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия адиси, балдар неврологу Нурмухамед Бабажанов түшүндүрүп берди.
Бабажановдун айтымында, азыркы мектептер менен бала бакчалардын шарттарында "өзгөчө" балдарга билим алуу оңой эмес.
"Мага мындай балдардын ата-энелери "балабызды мамлекеттик мектепке берсек болобу?" деген суроо менен кайрылганда, дароо "жок" деп жооп берем. Азыр мектептерде бир класста 30-50 бала окуйт. Мугалимдердин аутист балдар түгүл башкасы менен иштөөгө убактысы жетпейт. Мындай балдар кадимки мектепке барса чүнчүп кетет", — деди ал.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда аутизм менен жабыркаган 20 миңден ашуун бала бар. Алар өзгөчөлүктөрүнөн улам билим берүү жаатында бир катар көйгөйлөргө туш болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.