Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Мэрия жарандарды короо-жайын иретке келтирүүгө чакырды

105
(жаңыланган 15:15 02.04.2019)
Октябрь районунун аймагы иретке келтирилип, тазаланып, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулууда.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды жашаган жерин, короо-жайын иретке келтирүүгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ушу тапта Октябрь районунун аймагы иретке келтирилип, тазаланып, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулууда.

Иретке келтирүү иштерине жергиликтүү тургундар менен аймактагы комитеттердин өкүлдөрү катышкан.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын активдүү болууга чакырып, тазалоо иштерине катышууну өтүнөт.

105
Белгилер:
тазалоо, жашылдандыруу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калат. Тизме
Бишкектин борбордук бөлүгү жарыксыз калды
Бишкекте Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү эки айга жабылат